11- Февраль 2012 -жылы америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Хьюстон каза болгон
Америкалык ырчы, актриса, продюсер, фотомодель Уитни Хьюстон Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салган. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан. Бирок баары кеч болуп калган. 
Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. Ал бала курагынан эле музыка менен чоңойгон. Апасы белгилүү ырчы Эмили Дринкард элге Сисси деген ат менен таанымал. Ал эми атасы Жон Хьюстон апасынын менеджери болгон. Болочок ырчы жаш курагынан эле апасы менен чиркөөдө хордо ырдап, өз талантын эл алдына алып чыга баштаган. 11 жашынан тарта фотомодель катары да иштеп, көптөгөн жарнамалык роликтерге тартылган. Ал кезде болочок дүйнө жылдызы бий жана актёрдук чеберчилик боюнча атайын ийримдерге да барчу. Уитни үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси болгон.
Гиннес рекорддор китебинде” Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калды. Анын сыйлык, наамдары жалпы 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Гремми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси. Анын альбомдору жалпысынан 170 миллион даана сатылып, бул жаатта да эң алдыңкылардын катарында болгон. Мындай ийгиликтүү кадам ырчы үчүн 1983-жылы популярдуу "Ариста" компаниясынын президенти Клайв Девис менен болгон келишимге кол коюлган күндөн башталган. Андан бир жыл өтпөй эле өзүнүн ысымынан аталган алгачкы альбомун чыгарып, атын алыска тааныткан. 1987-жылы “Сага болгон сүйүүмдү сакта” аттуу ыры менен “Гремми” сыйлыгын алгачкы ирет багындырган.
1992-жылы ырчы Уитни Хьюстон өзүн актриса катары сынап, “Жан сакчы” фильмине тартылат. Бул тасма үчүн ал 4 ыр жараткан жана алардын бири сүйүү гимнине айланган легендарлуу “Мен сени ар дайым сүйөм” аттуу чыгармасы. “Жан сакчы” тасмасы менен дүйнө жүзүнө атагы чыгып, андан кийин да бул жаатта эмгектенүүсүн улантат. 1990-жылдардын көбүрөөк бөлүгүн Уитни тасма талаасына арнаганына карабастан, “Жан сакчыдан” кийин элге сиңген, эң мыкты деген роль жарата алган эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан