12- Февраль 1908 -жылы
Автоунаалардын биринчи дүйнөлүк жарышы Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аянтынан старт алган
Автоунаалардын биринчи дүйнөлүк жарышы Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквер аянтынан старт алган. Алты унаа адегенде Сан-Франциского жетип, ал жерден кеме аркылуу Японияга, андан дагы кеме менен Орусияга келишкен. Жарыштын катышуучулары Орусиядан чыгышы менен андан ары Европа шаарларын аралап 26-июль күнү Парижде соңуна чыккан. Биринчи автомобиль жарышынын жеңүүчүсү Жордж Шустер 88 күн рулду башкаргандыгы маалым болгон.