12- Февраль 2010 -жылы
Парламенттин жыйынында “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган
Парламенттин жыйынында “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоору президент Курманбек Бакиев тарабынан сунуш кылынган. Толуктоо жалпысынан болуп Конституциянын 8 беренесине киргизилген. Президенттик кеңешме Мамлекеттик кеңешме болуп өзгөртүлгн. Эң негизгиси, 52-беренедеги “Президент өз милдетин аткара албай калган учурда президенттин милдетин убактылуу ким аткарат?” деген суроо коомчулукта кызуу талкууга алынган. Буга чейин Баш мыйзамда “президенттин милдетин спикер, ал да аткара албай калса премьер-министр аткарат” деп жазылып келген. Жаңы киргизилген өзгөртүү менен “президент өз милдетин аткара албай калганда, анын милдетин Мамлекеттик кеңешме дайындаган адам аткарат” деп жазылган. Мамлекеттик кеңешменин мүчөлөрү: президент, спикер, премьер-министр, Президенттин аппарат башчысы, Президенттин секретариатынын жетекчиси, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Президенттин коргонуу жана коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Инвестиция жана инновация боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп, жалпысынан 8 киши эсептелген.