14- Март 1980 -жылы
ырчы Гүлзада Рыскулова төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Гүлзада Рыскулова Ош облусундагы Өзгөн районунун Чымбай деген айылында туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Алгач "Мен кыргыздын кызымын" аттуу ыры менен чыгып, калың элге таанылган. Кийин Гүлзада Рыскулова кыргыздын нукура күү, дастандарын дүйнѳгѳ тааныткан "Ордо сахна" фольклордук-этнографиялык тобунда эмгектене баштаган. 3 уулдун энеси. 2016-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарылган.