Ырчы Автандил Абылкасымов Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Жетиген айылында төрөлгөн. Мектеп босогосун 1995-жылы аттап, 2003-жылы аяктаган. Мектепти бүткөн соң Бишкек шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайына кирген. 2011-жылы "Ишенчи" аттуу ыры чыгып, 2012-жылы чоң сазнага кадам таштаган.