31- Январь 2014 -жылы "Ата журтчу" депутат Нурлан Сулайманов мандатынан ажыратылган
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган чечим боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болгон. Маалымат боюнча, депутат 2012-жылы жүрөгүнө операция жасатуу үчүн өлкөдөн сыртка чыгып кеткен бойдон Кыргыз өлкөсүнө келген эмес. 
Ал 1958-жылы 17-декабрда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2005-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген.
2010-жылдын октябрынан "Ата-Журт" партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан