3- Февраль 2014 -жылы
"ОшТВнын" журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан
Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалынын журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар “Биз сөз эркиндиги үчүн!”, "Бөрк ал десе баш алмайды токтоткула!", "Бүгүн "ОшТВ", эртең ким?" деген жазууларды кармап, ооздорун скотч менен жаап алышкан. Себеби 31-январда аталган канал УКМКнын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынган.