"Супер-Инфо" гезити көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алып баруучу Нурзат Токтосуновага жана "Тамашоу" долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берген. Жылдыздар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишкен.