13- Февраль 1974 -жылы Армения жана орусиялык шоумен, юморист жана телеалпаруучу Гарик Мартиросян туулган
Армения жана Орусиянын шоумен, юморист жана телеалпаруучусу Гарик Мартиросян Армениянын борбору Ереван шаарында төрөлгөн. Гарик мектепти аяктаган соң өз каалоосу менен туулуп-өскөн Ереван шаарындагы Ереван Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетинин невропатология бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайды аяктаган соң кесиби боюнча үч жыл эмгектенген. 
Гарик Мартиросян 1993-жылдан тарта “Жаңы армяндар” деп аталган КВНчилер командасына кошулган. Өзүнүн тамашакөйлүгү, акылдуулугу, ойлоп тапкычтыгы менен тез эле бул топтун капитаны болууга да үлгүргөн. Гариктин Москвага келишинин бирден бир себеби да КВН оюндары болгон. “Жаңы армяндар” командасы Жогорку лигага 1996-жылы биринчи жолу катышып, Гарик бул жерден КВНдин “атасы” Александр Масляков менен таанышкан. Кийинки эле жылы бул команда Сочиде өткөн Жогорку лиганын жеңүүчүсү болуп табылат. Таланттуулугу менен башкалардан айырмаланган Гарик Мартиросянды СССРдин КВНчилер курама командасына чакырышкан жана бул топ аркылуу белгилүү юморист теледүйнөсүнө аралаша баштаган. Көп өтпөй КВН оюндары аркылуу жүзү элге бир аз да болсо таанымал боло түш­көн Гарик СТС каналында Игорь Угольников менен биргеликте “Кутмандуу кечиңиздер менен” деген ток-шоу берүүсүн алпарат. Ушундан кийин өзүнүн кү­чү­нө ишенген телеалпаруучу элдердин көңүлүн көтөргөн өзүнүн автордук тамашалуу теледолбоорун түзүүнү пландаштырган. Жыйынтыгында, 2003-жылы көпчүлүк сүйүп көргөн тамашалуу “Comedy Club” берүү­сү пайда болгон. Гариктин өзүнүн айтымында, бул теледолбоордун экранга чыгышына Максим Галкиндин жана Валдис Пельштин берген жардамдары чоң.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан