14- Февраль 1919 -жылы
Кыргыздын эркин басылмасына чабуул жасалган
Кыргыздын эркин басылмасына чабуул жасалып, Пишпек шаарында чыкчу жападан жалгыз "Пишпекский листок" гезитинин жетекчилиги алмашкан. Большевиктик бийлик гезит редакциясына коллегиалдык башкаруу киргизип, либерал-редактор И.Алексеев жеке жетекчиликтен айрылган. Редакциялык коллегияга: большевик-коммунисттердин Пишпек фракциясынын лидери Иваницын, элге билим берүү боюнча уезддик кеңештин башчысы Александрович жана типографиялык жумушчу Чупин киргизилген.