15- Февраль 1927 -жылы Аскер ишмери, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов туулган
Аскер ишмери, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов Москва районундагы Чоң-Арык айылында жөнөкөй колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун ушул колхоздон баштаган. 1946-жылы сыноо мөөнөтү менен СССР КГБсынын Ташкент шаарындагы мектебине кабыл алынат. Орус тилин өздөштүрүүдөгү чоң кыйынчылыктарга карабастан, аталган окуу жайын бир да үч албастан ийгиликтүү бүтүргөн.
Окууну аяктап келген соң Фрунзе шаарынын Свердлов районунда КГБнын оперативдик иштерин алып барган. Кийин контрчалгындоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1962-жылдан 1967-жылга чейин Ош облустук КГБнын башкармалыгын жетектеген. 1967-жылдын башында Кыргызстан КП БКнын административдик органдар боюнча бөлүмүн 8 ай башкарат. Андан кийин Кыргыз ССРнин КГБсынын төрагалыгына дайындалат. Бул кызматта 1977-жылга чейин иштеп, андан соң Москвадагы СССР КГБсынын Ф.Э.Дзержинский атындагы Академиясында иштеп, Кыргызстанга 1987-жылы кайтып келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан