15- Февраль 1972 -жылы Советтик актриса Наталья Гусева төрөлгөн
1985-жылы экранга чыккан "Келечектен келген конок" ("Гостья из будущего") тасмасындагы Алисанын ролу аркылуу эбегейсиз атак-даңкка жеткен советтик актриса Наталья Гусева СССР­дин Москва облусунун Звенигород шаарында туулган. Наталья Гусева өзүн эч качан актриса катары көргөн эмес. Аны кичинесинен кызыктырган нерсе – сойлогон, учкан же жөн гана кыймылдаган курт-кумурскалар болгон. Наталья 7ге чыкканда анын үй-бүлөсү Москвага көчүп келет. 1983-жылы Наташа окуган класска Максим Горький атындагы киностудиядан актриса издеп келишип, жакшы окуган жана уялчаак, көп сүйлөбөгөн Наташаны тандап алышат. Жыйынтыгында ал "Коркунучтуу, арзыбаган нерселер" аттуу 10 мүнөттүк кыска метраждуу тасмага тартылат. Ошол кезде Павел Арсенов аттуу режиссёр "Келечектен келген конок" фантастикалык драмасына каарман издеп жүрүп, Алисага көзү түшөт. Наташа өзү да фантастиканы жактыргандыктан, бул ролго шыр макул болгон.
12 жашар Наташа каарманын дал өзүндөй аткарып берет. Уялчаак, арык жана кичинекей бойлуу кыз бат эле СССРдеги бардык өспүрүмдөрдүн кумирине айланган.
Мектепти бүткөндөн кийин "Актёрдук кесип мени эч кызыктырган жок. Мен эч качан сахна жана атак жөнүндө кыялданган эмесмин" деген Наташа кичинесинен сүйгөн биология тармагында өз жолун улаган. М.В.Ломоносов атындагы институттун биотехнология бөлүмүнө тапшырган. Биринчи курста окуп жургөндө "Кырсык. Милиция кызматкеринин кызы" тасмасында башкы ролду ойноого сунуш түшкөн. Бирок сценарийде зордуктоо кадрлары болгондуктан, андан баш тартат. Турмушка чыккандан кийин Наталья Гусева фамилиясын Мурашкевич кылып өзгөртөт.
Наталья Гусева актёрлук карьерасында "Келечектен келген конок", "Кылымдын жарышы" ("Гонка века", 1986), "Кызгылт-көгүш шар" ("Лиловый шар", 1987), "Ааламдын эрки" ("Воля Вселенной", 1988) тасмаларына тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан