15- Февраль 1911 -жылы Алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта басылып чыккан
Алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта жарык көргөн. Китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай уулу Уфада (Башкортостан) окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте чыгарган. Бул китеп кыргыз-казак тилинде араб жазмасында “Шарк” басмаканасында басылып чыккан. Ал эми азыркы алиппенин алгачкы автору педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев.
“Алиппе” – араб алфавитинин “алиф” жана “бэ” деген алгачкы эки тамгаларынан турган сөз. Мектептерде кичине балдардын сабатын жоюуга жана жазууга үйрөтүүчү биринчи китеп. 
Алгачкы кыргыз алиппеси чыкканга чейин кыргыз эли ташка жазылган жазууну, араб жана латын алфавитин колдонуп келишкен. 17-18-кылымдарда Нурмолдо аттуу окутуучу балдарды араб жазуусуна үйрөтө баштаган. Андан кийин Абдаш Молдо менен тарыхчы, окумуштуу Белек Солтоноев дептер түрүндө китеп жазышып, ошону менен үйрөтө башташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан