Ооганстандын эмири
Хабибулла-хан өлтүрүлгөн. Хабибулла-хан Биринчи дүйнөлүк согушта Осмон империясынын султаны тарабынан болгон кысымдарга карабай
Ооганстандагы нейтралдуулукту сактап калган. Ошондой эле ал Индия менен болгон
курч абалды 1905-жылы достук келишимин түзүү менен басаңдатып, 1907-жылы Индияга атайын иш сапары менен барган. Ал 1919-жылы Лагман
провинциясында аңчылыкта жүрүп өлтүрүлгөн. Өлүмүнө чейин аз убакыт мурун ал
Британиядан өз өлкөсүнө толук кандуу көз карандысыздыкты талап кылган.