Польшалык белгилүү астроном, математик, экономист Николай Коперник Польшанын Торунь шаарында туулган. Николай Коперник Птолемейдин Ааламдын түзүлүшү жөнүндөгү системине ишенбөөчүлүктү пайда кылган. Анын гелиоборбордук системинде (байыркы гректерде Гелиос – Күн кудайы болгон) Ааламдын борборунда Жер эмес, Күн жайгашкан.