22- Февраль 1908 -жылы
Венесуэланын эки
жолку президенти Ромуло Бетанкур туулган
Венесуэланын эки
жолку президенти Ромуло Бетанкур Гуатира шаарында төрөлгөн. Бетанкур студент болор алдында Висент Гоместин диктатурасына каршы
демонстрацияга катышып, анын айынан 1928-жылдын февралында түрмөгө камалган. 1936-жылы Висент Гоместин өлүмүнөн кийин бийликке генерал Элеасар
Лопестин келиши менен Бетанкур Венесуэлага келип, 1941-жылы "Демократиялык
аракеттер" оппозициялык партиясын түзүп, анын лидерлеринин бири болгон.
Өлкөдөгү мамлекеттик бурулуштардан соң анын партиясы өлкөнү башкарып, ал 1948-жылга чейин
президент болуп иш алып барган. 1948-жылы аскердик бурулуштун жыйынтыгы менен
бийликке генерал Маркос Перес келип, Бетанкур башка өлкөгө чыгып кеткен. 1958-жылы Хименести кулатуудан кийин өз өлкөсүнө
келип, ошол жылдын февраль айында кайрадан мамлекет башына келген. 1981-жылы 28-сентябрда жарык дүйнө менен коштошкон.