Англиялык актёр, режиссёр, “Алтын глобус”, “Эмми”, BAFTA сыйлыктарынын лауреаты Алан Рикман Лондондо туулган. Алан Рикман алгачкы жолу Брюс Уиллис менен биргеликте "Крепкий орешек" тасмасында тартылып, ал фильм 1988-жылы экранга чыккан. Ал эми 1992-жылы жарыкка чыккан "Робин Гуд: Принц воров" тасмасындагы аткарган ролу менен Алан терс каармандардын мыкты аткаруучусу экенин далилдей алган. Ал эми эң биринчи оң каармандын ролу 1991-жылы көрсөтүлгөн "Искренне, безумно, сильно" тасмасында берилген.