Ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев Фрунзе шаарында төрөлгөн. Айтылуу "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык оркестрдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен белгилүү комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине кирип, ал жакта Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкуловдор менен бирге билим алган.