“Любэнин” жетекчиси, Орусиянын Эл артисти Николай Расторгуев Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Вячеслав жана Ольга Расторгуевдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.