Москванын Шереметьево аэропортунан учарда Ту-114 учагы кырсыкка кабылып, 21 адам каза болгон.
14-февралда Москвада калың кар жаап, аэропорт көмүлүп калган. 16-февралдан 17-февралга караган түнү аэропортту туман каптап, көрүү начар болуп, кар эрип, учуучу жол тайгак болгон.
Учактын командири аба-ырайына карабай учууну туура көргөн. Диспетчер адашып ага учууга уруксат берген. Учак жерден көтөрүлөрдө сол жана оң шассилери үйүлгөн карга тийип, учакты солго бурган, сол дөңгөлөк учуучу жолдун чырагына тийип, учактын ылдамдыгы төмөндөп, оң дөңгөлөгүнө күч келген. Учак оң капталына кулап, көңтөрүлүп кеткен.