19- Февраль 1962 -жылы ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев туулган
Мурунку ички иштер министри, учурдагы ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев 1962-жылы 19-февралда Фрунзе шаарында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

1986-жылы Кыргыз ССР ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери;

1987-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер;

1993-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;

1996-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин жетекчисинин орун басары;

1998-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2000-жылдан тарта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;

2001-жылы Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин жетекчиси. Ушул эле жылы Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары;

2005-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2006-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2008-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары;

2008-жылы Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору;

2010-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары;

2014-жылы ички иштер министри болуп дайындалган;

2016-жылдын 30-май күнү өз каалоосу менен министрлик кызматтан кеткен.

2019-жылы 8-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына дайындалды.

http://www.super.kg/kabar/news/262251/

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан