"Супер сулуу-2011" сынагындагы баш байгенин ээси Айсулуу Өмүралиева төрөлгөн. Айсулуу 3-классынан эле ар кандай сынактарга катышып келген. 2011-жылы Өмүралиева "Супер сулуу" сынагын жеңип, дүйнө элин укмуштуудай тездикте өнүгүп бара жаткан экономикасы менен таң калтырган Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып эс алып келген. Андан сырткары Кыргызстанда өткөн "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында "Жаңы жүз-2011" деген наамды алса, Москвада өткөн ошол эле "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында "Мыкты модель-2011" деген наамды жеңип, Нью-Йоркко жолдомо алган.