22- Февраль 1981 -жылы Күрп-Сай ГЭСи иштей баштаган
Токтогул ГЭСи толук кандуу иштеп баштагандан кийин эле Күрп-Сай ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу 1976-жылы башталган. Биринчи агрегат ишке 1981-жылы киришкен. Бул долбоор Токтогул ГЭСинин долбоорун иштеп чыккан "Гидродолбоор" институту тарабынан даярдалган. Куруучулар бул ГЭС түшө турган аймактагы Нарын дарыясынын агымы өтө жакшы болгондуктан да Күрп-Сайдын да энергия иштеп чыгуусуна толук шарттар бар экендигин ошондо эле байкашкан. ГЭС Токтогул ГЭСинен бир аз ылдый жайгашкан.  Долбоордук күчү 800 МВт. деп эсептелген. Суу сактагычынын сыйымдуулугу 370 миллион куб метр. Суунун үстүнүн аянты 12 квадрат чакырым. ГЭСтин таш бетондон салынган тосмосунун бийиктиги 113 метр. Сейсмикалык туруктуулугу 9 балл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан