26- Февраль 1829 -жылы америкалык ишкер Ливай Страусс туулган
Америкалык ишкер, жынсыны ойлоп тапкан, дүйнөгө белгилүү "Levi Strauss & Co." компаниясынын негиздөөчүсү Ливай Страусс Германиянын Буттенхайм аттуу жеринде туулган. Өз аты-жөнү - Лёб Штраусс. 1847-жылы АКШга кетип, аты-жөнүн Ливай Страусс деп өзгөрткөн. Ал 1853-жылы "Levi Strauss & Co." аттуу ишкананы түзүп, 1873-жылы Жейкоб Дэвис аттуу адам менен биргеликте чөнтөктөрүндө металл кадоолору бар шымдарга патент алышкан. Ошентип жынсы шым, күрмөлөр дүйнөгө тарай баштаган.
Ливай Страусс 1902-жылы 26-сентябрда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан