Инсандын өнүгүүсү, коомдук аракет жана жакырчылыкты жоюуга арналган форум Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Форумда сүйлөгөн мамлекет башчы Аскар Акаев Кыргыз мамлекетинде жакырчылык 10% кыскаргандыгын, тактап айтканда 300 миң адам жакырчылыктан кутулгандыгын белгилеген. Анын айтымында, 2002-жылы 75 миң үй-бүлөгө 1 миллиард 100 миллион сомдук чакан кредит берилген. Форумга бийлик бутактары, бейөкмөт уюмдардын жана улуттук биримдиктердин өкүлдөрү катышып, өткөн жылы белгиленген өнүгүү багыт планына жана анын аткарылыш өңүтүнө баа берилген.