1- Март 1922 -жылы Израилдин эки жолку премьер-министри Ицхак Рабин төрөлгөн 
Израилдин саясий жана аскердик ишмери Ицхак Рабин Иерусалимде төрөлгөн. Ал Израилдин алтынчы жана он биринчи премьер-министри болгон. Ал 1993-жылы "Осло келишимине" кол койгондугу үчүн 1994-жылы "Нобелдин" тынчтык сыйлыгына ээ болгон.
1995-жылы 4-ноябрда Тель-Авивде өтүп жаткан тынчтык митингде миңдеген адамдын алдында сөз сүйлөп бүткөн соң өзүнүн унаасына бара жаткан кезде Ицхак Рабинге карай үч жолу ок атылган. Игаль Амир аттуу студенттин колунан ок жеген Ицхак Рабин 40 мүнөттөн кийин ооруканадан 72 жашында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан