22- Февраль 2010 -жылы Түркияда 50гө жакын жогорку чиндеги аскер кызматкерлери камакка алынган
"Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган" деген шек менен армияда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскер кызматкерлери камакка алынган. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак. Мындан улам исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясы ортосунда тирешүү курчуган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан