22- Февраль 1975 -жылы
орусиялык актриса Ольга Будина төрөлгөн
Орусиялык актриса Ольга Будина Москва облусунун Одинцово шаарында төрөлгөн. Жашынан аккордеон, фортепианодо ойноп, мектеп хору менен оркестринде солист болгон. Щукин атындагы жогорку театралдык училищени бүтүргөн. 2000-жылы Александра Маттанын "Чек ара. Түнт токойдогу роман" аттуу тасмага тартылып, ал фильм Москванын эл аралык кинофестивалынын 22-ачылышында көрсөтүлгөн.
Ольга Будина Орусиянын искусство жана адабият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Орусиянын "Биринчи каналынын" версиясы боюнча 2002-жылдын мыкты актрисасы. Ал эми 2008-жылы "Орус репортёру" журналынын версиясы боюнча Орусиядагы 10 сулуу айымдын катарына кирген.