1970-1980-жылдары жүрөктөн түнөк тапкан, мукам ырлары менен белгилүү болгон обончу Жолдошбек Мамажанов Кадамжай районундагы ооруканада 58 жаш курагында каза болгон. Ал "Сүрөтүңө", "Жазым келчи", "Сагындым", "Өмүр өтөт, жаштык өтөт" аттуу элге белгилүү обондорду жазып калтырган.