24- Февраль 2013 -жылы
АКШнын Лос-Анжелес шаарында "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн
АКШнын Лос-Анжелес шаарында Голливуд жылдыздарынын көптөн күткөн "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Кеченин башкы наамы болгон "Мыкты фильм" сыйлыгын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялаган. Бул номинацияны 9 тасманын ичинен мыкты делинген режиссёр жана актёр Бен Аффлектин "Арго" операциясы" илип кеткен. Ал эми тайвандык режиссёр Энг Линин "Пинин жашоосу" аттуу тасмасы "Мыкты режиссёрдук иш" наамын алган. Бул тасмага атаандаш болгон Стивен Спилбергдин "Линкольн" тасмасында президенттин ролун жараткан Дэниел Дэй-Льюис "Мыкты актёр" наамына татыган. Ал эми "Мыкты актриса" сыйлыгына "Менин жигитим акылынан адашкан" тасмасындагы ролу үчүн 24 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс ээ болгон. АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан "Оскар" сыйлыгы булардан сырткары 24 наам боюнча сыйлык тапшырган.