24- Февраль 2013 -жылы Бишкекте эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу аяктаган
Бишкекте эрежесиз эр уруштун вале-тудо версиясы боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу аяктаган. Анда республиканын түрдүү региондорунан 400дөн ашык мушкер келип, 38 комплект медаль ойнотулган. Мелдеш балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөн. Чоңдор арасында 9 салмак категориясы боюнча тиреш жүрүп, чемпиондор аныкталган. Командалык эсеп боюнча биринчи орунду мелдешти өз үйүндө өткөргөн "Боец" клубу алган. Ал эми салмак категориялар боюнча Азат Анарбай уулу («Боец», 55 килограмм), Нурбай Мурзалиев («Боец», 60), Канат Келдибеков (Нарын, 65), Актилек Жумабек уулу («Боец», 70), Самат Эмилбеков («Боец», 75), Арзыбек Мирзаев («Жаш Күч», 80), Нурбек Турсуналиев (КРнын Улуттук гвардиясы, 85), Азирет Турдубек уулу («Жаш Күч», 90), Улукбек Талантбек уулу (Токтогул, 90дон жогору) алтын медаль тагынышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан