Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Японияга учуп кеткен. Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчы аталган өлкөнүн императору Акихито жана император айымы Митико жана премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуу өткөргөн. Мындан сырткары мамлекет жетекчиси Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки менен жолугушкан. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Япониянын алдыңкы ММКларына маек берген.