26- Февраль 2013 -жылы Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов кызматынан бошотулган
Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов кызматынан бошотулган. 
Алиясбек Алымкулов Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин, ал эми 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатия академиясын бүтүргөн. 
1989-1991-жылдары Советтик армияда аскердик кызматын өтөгөн. 
1992-1997-жылдары Орусияда жеке ишкерлик менен алектенген. Ал эми 2004-2007-жылдары "Буудай" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчынын орун басары, 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын "Трубалык металлургия" ЖАКсында расмий өкүл, 2008-2010-жылдары "Эл Газ КДЖ" ЖЧКсында директорлор кеңешинин жетекчиси болгон.
2010-жылдын 19-мартынан 14-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу, 2010-жылдын 14-июлунан 2011-жылдын 30-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министри, 2011-жылдын 30-декабрынан 2012-жылдын 20-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, 2012-жылдын 20-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан