27- Февраль 1943 -жылы
катардагы жоокер Александр Матросов немистердин амбразурасына төшүн тосуп, советтик аскерлердин чабуулуна жол ачкан
Катардагы жоокер Александр Матросов Псков облусуна караштуу Чернушки кыштагы үчүн салгылашта немистердин амбразурасына төшүн тосуп, советтик аскерлердин чабуулуна жол ачкан. А.Матросовго чейин мындай ыкманы 55 советтик жоокер колдонгон. Бирок советтик "расмий тарыхнаамага" ылайык, биринчи эрдик даңкы Матросовго ыроолонгон. Матросов амбразурага төшүн башка күнү тосконуна карабастан, ал советтик расмий тарыхнаамада 23-февралдагы майрам датасына которулуп келген.