27- Февраль 2011 -жылы
Лос-Анжелес шаарында 83-жолку “Оскарды” тапшыруу салтанаты болуп өткөн
Лос-Анжелес шаарында Голливуддун “Кодак” кинотеатрында 83-жолку “Оскарды” тапшыруу салтанаты болуп өткөн.
Бул салтанат кызыктарга бай болуп, “Оскардын” тарыхында экинчи жолу (1943-жылдан кийин) башкы мыкты тасма наамына беш эмес, он тасма көрсөтүлгөн. Бул жолу “Оскар” тапшыруу аземи 3 саатка созулуп, "Оскардын” тарыхында эң кыска мөөнөт болгон. Андан тышкары алып баруучулар Энн Хэтэуэй менен Жеймс Франко “эң мыкты тандем” деген мактоого ээ болушкан.
“Оскар” сыйлыгына ат салышкан он талапкердин арасынан “Жылдын эң мыкты тасмасын” британиялык режиссёр Том Хупердин “Падыша сүйлөйт” (“Король говорит”) аттуу тасмасы илип кеткен. Жылдын фаворити аталган тасма бул жылы 12 наамга көрсөтүлүп, анын төртөөсүн жеңип, триумф жараткан. Кызыгы, анын бюджети 15 миллион гана доллардан турган. Кекеч монархты сүйлөткөн Дэвид Сайдлер мыкты сценарий үчүн сыйланган.
“Мыкты актёр” деп “Падыша сүйлөйт” тасмасында башкы каармандын ролун жараткан Колин Фёрт табылган. Ал эми жылдын “Мыкты актрисасы” атагы “Кара ак куу” фильминде башкы ролду аткарган Натали Портманга ыйгарылган. “Эң мыкты чет өлкөлүк тасма” наамына даниялык режиссёр Сюзанн Биердин “Өч” аттуу тасмасы арзыган. Толук метраждуу мультфильмдердин ичинен “Оскарды” “Пиксар” студиясы тарткан “Оюнчуктар тарыхы: Качуу” анимациялык фильмине ыйгарышкан.