27- Февраль 2012 -жылы
“Оскар” сыйлыгынын 84-жолку тапшыруу аземи болуп өткөн
Салт болуп калгандай, Лос-Анжелестин “Кодак” кинотеатрында 84-жолку “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. “Мыкты актрисаны” Мэрил Стрип “Темир айым“ тасмасындагы, “Мыкты актёрду” француз актёру Жан Дюжарден “Артист“ фильминдеги ролу үчүн алышкан.
Ал эми беш наам боюнча “Оскардын” статуэткасын алган жылдын фаворити француздардын “Артист” тасмасы болгон. Бул фильм “Мыкты режиссёрдук иш”, “Мыкты тасма”, “Мыкты саундтрек” жана “Костюмдардын дизайнын мыкты ойлоп тапкан сүрөтчүнүн иши” наамдарын илип кеткен.