Баш прокуратура "Кумтөр" ЖАКсынын ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчётун карап чыгып, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгогон. Алар: "паракорчулук", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашырууда өлкө кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү" беренелери болуп саналган. 1992-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз Республикасы менен "Камеко" корпорациясынын ортосундагы макулдашууларга тиешеси барлардын баары бир сыйра тергөө элегинен өтөрү айтылган.