28- Февраль 1986 -жылы
швециялык саясий ишмер Улоф Пальмеге кол салынган
Швециялык саясий ишмер, өлкөнүн 1969-1976-жылдардагы премьер-министри Улоф Пальмеге кол салынган. Улоф Пальме Стокгольм шаарынын Свеавэген борбордук көчөсүндө зайыбы Лисбет менен "Гранд" кинотеатрынан үйүнө келе жатканда чоочун адам аларга жакындап, тапанчадан ок чыгарган. Ошентип социал-демократиялык партиянын лидери Улоф Палме 59 жашында киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмыш азыркы убакка чейин ачылбай келет.