Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытова Фрунзе шаарында туулган.
2006-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен, 2009-жылы юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2001-2004-жылдары "Ош 3000" (ЭлТР) телеканалында программалардын алып баруучусу болуп иштөө менен баштаган.
2002-2006 жылдары "Алмаз" радиостанциясында пресс-кызматтын жетекчиси;
2004-2005-жылдары "Пирамида" радиостанциясында маалыматтар кызматында иштеген.
2005-2006-жылдары Ош шаарындагы "Ага Хан" менчик мектебинде тарых жана укук таануу боюнча мугалим;
2013-2014-жылдары Түркиянын Анкара шаарында ТРТ телеканалында жаңылыктардын алып баруучусу;
2006-2015-жылдары УТРКда "Ала-Тоо" маалымат программасынын редактору, алып баруучусу жана бир нече теледолбоорлордун автору;
2015-жылы "Бир бол" саясий партиясынын басма сөз катчысы болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында "Бир бол" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2016-2018-жылдары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары болуп иштеп келген.