20- Декабрь 1968 -жылы
Ырчы, обончу Бакыт Мамаев туулган
Ырчы, обончу Бакыт Мамаев Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда туулган. 1984-1986-жылдары Ак-Талаа районундагы №5-кесиптик техникалык окуу жайынын жыгач устачылык бөлүмүн аяктаган. 1991-1994-жылдары Москвадагы С.A.Герасимов атындагы Кинематографиялык Мамлекеттик Университетинде киноактёр, режиссёрлук боюнча аяктаган. Алгач "Сүймөнкул", "Бойдоктор" аттуу ырлары менен элге таанылаган. Учурда (2014-ж.) Бишкек шаарындагы №87-орто мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенет.