28- Февраль 1993 -жылы
даниялык ырчы, "Евровидение-2013" сынагынын жеңүүчүсү Эммили де Форест төрөлгөн
Даниялык ырчы, "Евровидение-2013" сынагынын жеңүүчүсү Эммили де Форест Даниянын Раннерс шаарында төрөлгөн.
2013-жылдын 18-май күнү Швециянын Мальмё шаарында өткөн "Евровидение" сынагында даниялык Эммили де Форест аттуу ырчы айым "Only Teardrops" ("Жалаң көз жаштар") аттуу ыры менен жеңишке жетишкен. Ал эми 2-орунга азербайжандык Фарид Мамедов татыса, 3-орунга украиналык Злата Огневич илинген.
Сынактан кийин Азербайжандын президенти Ильхам Алиев добуштар калыс эсептелбегенин айтып чыккан. Анткени орусиялык Дина Гариповага алар берген 10 упай эсептелбей, 0 болуп чыккан. Ага карабай Дина 5-орунга нааразы болгон эмес. Мындай ушактар Эммилини да кубалап жүргөн. Нидерландылык маалымат булактары аны плагиаттыкка күнөөлөп чыгышкан. Себеби жеңишке жеткен чыгарма 2002-жылы жарык көргөн "K-Otic" тобунун "I Surrender" ("Мен багынам") аталыштагы ырынын көчүрмөсү экенин билдиришкен.