28- Февраль 2013 -жылы
Бишкекте каратенин кёкусинкай түрү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өткөн
Бишкекте каратенин кёкусинкай түрү боюнча Өлкө чемпиондугу болуп өткөн. Чемпиондукка Кыргыз өлкөсүнүн аймактарынан жана Бишкек шаарынан 7 жаштан жогорку 100 спортчу катышкан. Жыйынтыгы менен Нурдөөлөт Уран уулу, Бакыт Талгат уулу, Артур Тен, Валентина Благодарова, Урмат Ибраев жана Эсенгул Сатарбеков жеңүүчү аталган. Жалпысынан бул каратэ мелдешине 22 сыйлык коюлган.