Оппозициянын ири митинги Ош шаарында болуп өткөн. Анда айтылган талаптардын аткарылышына бийликке 15-мартка чейин убакыт беришкен. Эң негизгиси, 1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу керек деген талап коюшкан. Эгер бийлик тараптан реакция болбосо алар 31-мартта кайрадан митингге чыга турганын билдиришип, бул сапар Баткен тандалган.