9- Март 1953 -жылы Москвада И.В.Сталинди акыркы сапарга узатуу зыйнатында коштошууга келген элдин көптүгүнөн улам тыгын жаралган
Сталинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты (өзү 5-мартта каза болгон) өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлгөн (болжолдуу түрдө 1422 адам).
Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары мавзолей В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан