2- Март 1934 -жылы
Кыргыз аймагын байланыштыра турган Фрунзе-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Ош авто жолунун курулушу туурасындагы маалымат коомчулукка белгилүү болгон
Кыргыз аймагын байланыштыра турган Фрунзе-Балыкчы-Нарын-Торугарт-Ош авто жолунун курулушу туурасындагы маалымат коомчулукка белгилүү болгон. Кыргыз АССР ВКП (б) комитети менен Элдик комиссарлар Кеңешинин биргелешип чыгарган чечиминде улуу жолдун курулушу 1935-жылга бүткөрүлүшү каралган. Анткен менен адегенде белгиленген курулуш багыты өзгөрүп, кийин жол Фрунзе-Кара-Балта-Суусамыр-Ош багыты менен салынган.