2- Март 1831 -жылы
Орус акыны Александр Пушкин Наталья Гончарова менен баш кошкон
Атактуу орус акыны Александр Пушкин Наталья Гончарова менен баш кошкон. Пушкин ал убакта 31 жашка келип, Наталья болсо 18 жашка толуп, эки жаштын үйлөнүү үлпөтү Москва шаарында өткөн. Чоң Никитинскийде орун алган Большое Вознесение чиркөөсүндө үйлөнгөндөр шакек алмаштырышкан маалда Пушкиндин шакеги жерге түшүп, андан соң шам өчкөн. Мындай аяндан акындын кубары качып, "Жаман жышаан, баары бүттү!" деген.