7- Март 2009 -жылы
ОшТВ телеканалынын
журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган
ОшТВ телеканалынын
журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жараттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүгүнө жаткырылган. Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп билдиришкен. "Анткени акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал" дешкен.