23- Февраль 1973 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Роза Аманова туулган
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти Роза Аманова Токтогул районунун Токтогул шаарчасында туулган. 1991-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. 1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө кафедрасына аспирантурага кабыл алынган. 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыкалык борбордун жетекчиси, 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине доцент болуп иштеп келген. 2006-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты болгон. Ал 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына татыктуу болгон. Ал "Мен сени сагынгым келет", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" жана башка обондордун автору. "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" аттуу эпосторду айткан дастанчы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан