8- Март 2005 -жылы
Чечен Республикасын эң көп убакытка башкарган президент Аслан Масхадов көз жумган
Чечен Республикасын эң көп убакытка башкарган президенти Аслан Масхадов 53 жашында Орусиянын атайын кызматынын аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
Аслан Масхадов 1951-жылы 21-сентябрда туулган. Ал өкмөттүн башында турган маалында 1996-жылы 27-ноябрда президенттикке ат салыша турарын билдирип, 1997-жылы 27-январда президенттик шайлоодо көп добуш топтоп, өлкөнүн президенти болуп шайланган.