Телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек Мамытов 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.